Жусуп Баласагын — улуу мурас!!!
Бүгүн Жусуп Баласагындын 1010 жылдык юбилейине арналган «Жусуп Баласагын — улуу мурас» аттуу иш чара 8-11- класстардын катышуусунда өттү. Окуучулар Жусуп Баласагынды даңктаган ыр саптарын окушуп, слайддын коштоосу менен аалымдын өмүрү,чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалымат беришти. Андан кийин кино тасмадан үзүндү көрсөтүлдү. Окуучулар Жусуп Баласагындын тарбиялык маанидеги ырларынан көркөм окушту. Балдар улуу акылмандын чыгармасынан Айтолду, Күнтолду, Өткүрмүштөрдүн сүйлөшүүсүнөн үзүндү көргөзүшүп майрамдык маанай тартуулашты.
Комментарии